Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 15:48
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Орунтаев Горький көчөсүндөгү мыйзамсыз курулган объектилерди бузууга келди

29.08.2023 11:56
379
Орунтаев Горький көчөсүндөгү мыйзамсыз курулган объектилерди бузууга келди


Бишкекте Горький көчөсүн бойлой тротуар курууга тоскоол болгон объектилер бузулууда.


Бул тууралуу вице-мэр Нурдан Орунтаев билдирди. Биринчи май районунун акими Райым Жолдошов, жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Уран Мусаев жана шаардык кызматтардын башка өкүлдөрү катышты.


Ошентип, Горький көчөсүн бойлой жайгашкан «Халил Ибрагим» кафесинин жолго чыгып кеткен бөлүгүн бузуу иштери башталды.


Жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгынын кызматкерлери «Бишкек башкы архитектура», Биринчи Май акимчилигинин жана «Тазалык» ишканасынын кызматкерлери менен биргеликте жеринде иштеп жатышат.


Ошондой эле, иштин жүрүшүндө Горький көчөсүндөгү 179, 178, 176 боюнча мыйзамсыз курулган объектилер демонтаждалууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн