Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 15:56
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Орунтаев менен жолугушууга ишкерлер келбей коюшту

05.06.2023 11:14
998
Орунтаев менен жолугушууга ишкерлер келбей коюшту


Октябрь администрациясынын залында 2-июнь күнү саат 10:00дө вице-мэр Нурдан Орунтаев менен Манас, Айтматов проспектилери менен Ю.Абдрахманов жана Байтик Баатыр көчөлөрүндө иш алып барган ишкерлердин жолугушуусу белгиленген. Иш-чара болгон жок. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.


Белгиленгендей, Бишкек мэриясынын жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгынын кызматкерлери ишкерлерге алдыда боло турган жолугушуу тууралуу алдын ала маалымат беришсе да, көрсөтүлгөн убакытта он гана адам келген.


Күн тартибинде кирүү топторунун бирдиктүү дизайнын, көрнөктөрдү ж.б.у.с. талкуулоо болду.


Жыйынтыгында отурумду 6-июнь саат 10го жылдыруу чечими кабыл алынды. Ошол эле даректе өтөт: Байтик Баатыр көч. 17, Октябрь администрациясынын жыйындар залы.


Аталган көчөлөрдө иш алып барган ишкерлерге жана батир ээлерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, бирдиктүү чечим чыгарууга катышууну суранат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн