Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 10:25
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Орус режиссеру сейил бактардын биринде ырдап, атактуу ойгонгон Бегимай Турусбекова тууралуу тасма тартты

10.11.2023 15:57
2510
Орус режиссеру сейил бактардын биринде ырдап, атактуу ойгонгон Бегимай Турусбекова тууралуу тасма тартты


Орус режиссеру Елена Погребижская Бишкектеги сейил бактардын биринде ырдап, атактуу ойгонгон Бегимай Турусбекова тууралуу тасма тартты. Белгилүү журналисттин жаңы эмгеги анын YouTube каналына жайгаштырылган.


«Айылдан келген кожойке караоке ырдап,... жылдыз болуп калды. Кечинде ырдап, эртең менен атактуу ойгондум. Дал ушундай болгон. Элестеткиле: сейил бак, жайдын ызы-чуу, кызыксыз кечинде, капыстан караокеде Селин Диондун жандуу үн менен "Титаниктеги" ырын ырдай баштап, андан кийин Уитни Хьюстондун "Жан сакчы" тасмасындагы ырын ырдаган. Көрүүчүлөр дароо бош турган жерге агылып келишет. Ал эми алардын көргөнү – жөнөкөй жайкы көйнөкчөн, жоолукчан, бирок укмуштай күчтүү үнү менен сахнада жупуну аял. Эл таң калып, дагы ырларды суранып, кол чаап, албетте телефонуна сүрөткө түшүшөт. Ошол эле күнү кечинде социалдык түйүндөрдө бир нече видеолор пайда болду», — деп жазган Елена Погребижская.


Эске сала кетсек, Бегимай Турусбекова 34 жашта. Үй-булөсү менен Казарманда жашашат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн