Бугу 14, 2024
Убакыт: 02:19
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Орус тилинин "расмий" макамы жокко чыгарылса, Россия өлкөдөгү орустарды көчүрүп кетеби?

27.11.2020 12:07
787
Орус тилинин "расмий" макамы жокко чыгарылса, Россия өлкөдөгү орустарды  көчүрүп кетеби?

РФнын мамлекеттик Думасынын вице-спикери  Игорь Лебедев Кыргызстанда орус тилинин расмий тил макамы боюнча айтылган пикирге коментарий берди. Бул тууралуу lenta.ru басылмасы жазып чыкты.


Депутат "Кыргызстандын мындай аракетине таптакыр таң калган жокмун. Мурунку СССРга мүчө болгон көпчүлүк өлкөлөр буга чейин эле муну жасаган. Мурунку советтик республикалардын баарынын  Россиядан алыстагандыгы жыл сайын көбүрөөк байкалууда",- деди.


Лебедевдин айтымында,  мунурку совет өлкөлөрү акырындан Европаны карай бет алган. Ошондуктан мындай тенденция мыйзам ченемдүү көрүнүш.

"Эгер орус тили расмий тил болуудан калса, биз Кыргызстанда жашаган орус улутундагы жарандарга Россияда жашоону сунуш кылабыз. Аларга жарандык берүү маселесин карап, жардам беришибиз керек",- дейт депутат.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Таа
Мееси азыркы ахвалыбызга баа берууго жетпеген галстук соройдун созуно маани бербеш керек