Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 17:43
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Ош базарда орундугун бекем кармап, жабышып алган айым окуя боюнча пикирин билдирди

12.02.2021 14:19
1019
Ош базарда орундугун бекем кармап, жабышып алган айым окуя боюнча пикирин билдирди

Менин эки балам бар. “Ош базарында” 7 жылдан бери иштеп келе жатам. Эптеп араба түртүп, товарларымды сатам. Бир аз сатып, беш-он сомумду алып үйгө барам. Ден соолугум начар. Башым ооруйт. Дегеле оорубаган жерим калбады. Эки-үч күндөн бери ишке чыкпай отургам. Арабамды алып, мени кууп жатат. Алмамды сатып түгөтүп коёюн деп отургам. Эми чыкпай эле коёюн десем деле болбой арабамды алып койду. Бош столду талашып алып коюшту. Жакында байкем, эжем каза болгон. Ушундай кайгырып, жашоого дагы маанай жок. Эптеп кирип-чыгып жүрсөм столумду жүктөп кетти. Адам өз башына оор жүк келгенде акылынан кетет экен. Мага эч кимден жардам жок (ыйлады). Кечээ социалдык тармакта тарап, талкуу болуп жаткан видео жөнүндө мага Орусиядан тааныштарым айтышты.

“Алмакан, сенин видеоң Орусиядан чыгып жатат” дешти. Телефонду дагы жакшы караганды билбейм. Баламды жалгыз таштай албай ээрчитип келип, кайра ээрчитип кетем.

Балам “бутума суу өтүп кетти” десе дагы, “тура бер балам, жаның тынч болсо болду” дейм. Жолдошум 2010-жылы каза болгон. 10 жылдан бери жалгыз жашайм. Балам 14 жашта, окуудан келгенде эле жаныма чакырып алам”, – деди Алмакан айым.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн