Бишкек шаарындагы Ош базарын дагы жабуу маселеси каралууда, деп билдирди Бишкек шаарынын вице-мэри Азиз Алымкулов 10-июндагы брифинг учурунда.
«Коронавирус инфекциясын жугузуп алган жарандардын көбөйүп жатканына байланыштуу, Шаардык санэпидкөзөмөл борборунун сунушу менен Орто-Сай базарынын иши 10-июндан 13-июнга чейин дезинфекциялоо чаралары үчүн убактылуу токтотулду. Азыркы күндө Ош базарын дагы жабуу маселеси каралууда", - деди ал.
Ошондой эле "Centеr Bar" жана "LIVE BAR" караоке-барларынын, "Ыр Кесе" кафесинин, "BootCamp" компьютердик оюн клубунун иштери токтотулду.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн