Чын курандын 12, 2025
Убакыт: 15:13
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.030
1.070

Ош базарынын айланасында башаламан соода кылгандарга рейд жүрүүдө

24.01.2024 14:36
350
Ош базарынын айланасында башаламан соода кылгандарга рейд жүрүүдө


Ош базарынын айланасында башаламан соода кылгандарга каршы рейд уланууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясы кабарлайт.

Белгиленгендей, Ош базарынын аймагында соодагерлер тротуарларда жана жолдордо башаламан сооданы жүргүзүүгө тыюу салуу боюнча муниципалитеттин бир нече жолу эскерткенине карабай иштеп келишет.

Рейд Ленин райондук акимчилиги, "Тазалык" ишканасынын, райондук милициянын жана МАБ кызматкерлеринен турган ыкчам топ тарабынан жүргүзүлдү.

Белгилей кетсек, рейддердин алкагында жыл башынан бери 60га жакын мыйзамсыз соода түйүндөрүн жооюлуп, 30тан ашуун темир столдор, отургучтар, кол чатырлар жана таразалар алынып, кампага жеткирилген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн