Бугу 10, 2024
Убакыт: 09:38
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Ош мэриясы кыргыз тилин даңазалаган видеороликтерге сынак жарыялады

12.09.2023 10:40
699
Ош мэриясы кыргыз тилин даңазалаган видеороликтерге сынак жарыялады


23-сентябрь - Мамлекеттик тил күнүнүн 34 жылдыгына карата Ош шаарынын мэриясы мамлекеттик тилди даңазалаган, тарбиялык маанидеги видеороликтерге сынак жарыялайт. 

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, сынакка Ош шаарындагы мамлекеттик, жеке теле-радиокомпаниялар жана продакшн-студиялар катыша алат.

Видеороликке карата талаптар:

  • Кыргыз тилинин баалуулугун жеткирүү чеберчилигине;
  • Тарбиялык маанисине жана тасманын аталышына;
  • Видео-тасманын тартымынын жана топтоштуруу сапатына өзгөчө көңүл бурулат.

Ролик 3 мүнөттөн ашпоо керек. Ар бир катышуучунун сынакка бир гана видеоролик тапшыруу мүмкүнчүлүгү бар. Жеңүүчүлөр баалуу сыйлыктар менен сыйланат.

Кошумча суроолор боюнча байланыш номери: 0558 888 929.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн