Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 11:51
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Ош облустук милициясы күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү

29.12.2021 13:36
678
Ош облустук милициясы күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү

Ош облустук милициясы күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө өтүштү. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сѳз кызматы билдирди.


Ош облустук ички иштер башкармалыгынын ѳздүк курамы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин буйругунун негизинде 2021-жылдын 28-декабрынан баштап жогорулатылган кызмат ѳтѳѳ тартибине ѳткѳрүлдү.


Жогорулатылган кызмат ѳтѳѳ тартибине ѳтүүнүн негизги максаты жаңы жылдык иш-чараларга даярдык кѳрүүдѳ жана ѳткѳрүүдѳ жарандардын коопсуздугун камсыздоо жана коомдук тартипти кѳзѳмѳлдѳѳ болуп саналат. Бул иш-чаралар учурунда жарандар тарабынан ок атуучу куралдарды ѳз алдынча адамдар топтолгон жайларда алып жүрүүгѳ жана пайдаланууга тыюу салынат. Ѳрт коопсуздугун жаратуучу жана адамдардын ден соолугуна зыян келтирүүчү пиротехникалык каражаттарды сатууга тыюу салынат.


Спирттик ичимдиктерди ичип алып коомдук жайларда тартип бузгандарга жана автоунаа айдагандарга карата мыйзам чегинде аёосуз чаралар кѳрүлѳт. Ошондой эле жарандар тарабынан ийне жалбырактуу дарактардын мыйзамсыз кыйылуусуна жол бербѳѳ боюнча түнкү күзѳттѳр уюштурулуп катуу кѳзѳмѳлгѳ алынат. Бул иш-чаралар жарандардын коопсуздугу үчүн кѳрүлүп жаткандыктан түшүнүү менен кабыл алып укук коргоо органдарынын мыйзамдуу талаптарын кунт коюп аткарууга чакырабыз.


 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн