Бугу 05, 2024
Убакыт: 11:45
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Ош облусунда 7 тоннадан ашуун кара куурай өрттөлдү

09.08.2022 15:59
373
Ош облусунда 7 тоннадан ашуун кара куурай өрттөлдү

Ош облусунда 7 тоннадан ашуун кара куурай өрттөлдү. Бул тууралуу  ИИМдин Басма сөз кызматы кабарлады.


Маалыматка ылайык,  “МАК-2022” атайын операциянын жүрүшүндө бангизаттарды ири өлчөмдө даярдоо, ташуу жана сатуу менен алектенген кылмыштуу баңги топторун аныктоо максатында 2022-жылдын 8-14 август күндөрү Ош шаары жана Ош облусунун аймагында “Кара курай” аталышындагы атайын ыкчам иликтөө иш-чараларынын 2 этабы башталды. 


Баңгизаттын зыяндуулугу жөнүндө калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен аны алдын алуу, эскертүү жана жок кылуу максатында кара курай өсүмдүктөрүн кеңири таралып эгилүүсүн алдын алууну көздөп ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын жана Ош шаарынын ИИБнын кызматкерлери Жапалак айыл өкмөтүнүн тиешелүү кызматкерлеринин катышуусунда Жапалак айыл аймагы изилденип, жапайы өстүрүлүп жаткан өсүмдүктөрдүн өсүшү мыйзам чегинде тыюу салынгандыгы жана ал ден-соолукка зыян алып келерин эскертүү менен тургундарга түшүндүрүү ишин жүргүзүлдү.


Аталган Жапалак аймагындагы 13 айылы изилденип, 16 гектар аянтынан 7,5 га жердеги 6 тонна 450 кг жапайы өскөн кара куурай өрттөлдү. 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн