Ош облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Сейсмология институтунун маалыматына караганда, жер титирөө бүгүн, 28-сентябрь күнү саат 02:32де катталып, очогунда күчү 4 баллга жеткен.
Жердин силкинүүсү Алай районундагы Ачык-Суу, Жайылма, Кашка-Суу айылдарында 3 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор жок.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн