Ош облусунун башчысы Элчибек Жантаев Алай районунун Сары-Могол айылынадагы көп балалуу үй-бүлөнүн жашоо шартынан кабар алды.
Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, облус башчысы көп балалуу Нишанбай Алибаев жана жубайы Жумахан Адырахманова менен баарлашып, учурдагы негизги муктаждыктар тууралуу пикир алышты.
Үй-бүлөнүн негизги көйгөйлөрү катары турак жайдын оңдолушу, кышка карата даярдык жана социалдык жөлөкпул маселелери белгиленди.
Облус башчысы жана укук коргоо органдарынын жетекчилери тарабынан үй-бүлөгө акчалай жардам көрсөтүлүп, кошумча белектер тапшырылды.
"Бул үй-бүлө — чоң байлык жана чоң жоопкерчилик. Мамлекет жана жетекчилер мындай үй-бүлөлөрдүн жашоосун жакшыртуу үчүн ар дайым колдоо көрсөтүүгө тийиш. Тоолуу шартта балдардын билим алуусу, ден соолугу жана коопсуздугу — биздин башкы артыкчылыгыбыз болуп саналат", — деп белгиледи Жантаев.
Мындан тышкары, жетекчилик тарабынан жергиликтүү бийлик органдарына социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү күчөтүү, балдардын билим алуусу үчүн шарттарды жакшыртуу жана үй-бүлөнүн муктаждыктарын чечүүгө көмөктөшүү боюнча тапшырмалар берилди.
Белгилей кетсек, Нишанбай Алибаев жана Жумахан Адырахманова 7 кыз жана 5 уулдун бактылуу ата-энеси. Бүгүнкү күндө улуу балдары өз алдынча жашоого кадам таштап, сыртта эмгектенишүүдө. Ал эми мектеп жашындагы балдары учурда жайкы каникул учурунда жайлоодо. Үйдө кичүү кызы менен калышкан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн