Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 16:43
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Ош облусунун башчысы, анын биринчи орун басары жана Кара-Суу районунун акими кызматынан бошотулду

14.04.2023 10:04
520
Ош облусунун башчысы, анын биринчи орун басары жана Кара-Суу районунун акими кызматынан бошотулду

Өздөрүнүн функционалдык милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Ош облусунун бир катар жетекчилери ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматы билдирди.


Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Ош облусунун жетекчилигинин ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча тиешелүү комиссия түзүлүп, анын жыйынтыгында алардын ишмердүүлүгүндө мыйзам бузуу фактылары аныкталган.


Буга байланыштуу бир катар жетекчилерди ээлеген кызматынан бошотуу сунушу киргизилди.

Мамлекет башчысынын чечими менен:


- Жамалдинов Зиядин Исламович Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү ээлеген кызматынан бошотулду;


- Жаныкулов Данияр Төрөгазиевич Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары ээлеген кызматынан бошотулду;


- Ногоев Турусбек Молдобекович Ош облусунун Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акими кызматынан бошотулду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн