Ош шаардык шайлоо комиссиясынын мурдагы жетекчиси Кушубак Ныязбеков иштен өз арызы менен кетип, анын ордуна Урмат Аттокуров дайындалды.
Маалыматка караганда, Ныязбеков өз ыктыяры менен жумуш ордун бошоткон.
Белгилей кетсек, 11-июлда Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын кайра шайлоо болот. 21-июнда башталган үгүт иштери 10-июлда саат 8.00дө аяктайт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн