Ош шаардык спорт комитетинин убактылуу башчысы Бекдөөлөт Абакировдун үстүнөн ишкерди сабагандыгы боюнча түшкөн арыз тиешелүү далилдер жок деген жүйө менен кыскартылды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Түзүмдүн маалыматы боюнча, кылмыштын курамы жок болгондуктан иш толук кыскартылган.
«Бул кылмыш иши кыскартылды. Тергөөчүлөрдүн бизге берген маалыматына ылайык, аталган кылмыш ишине тиешелүү далилдер табылган эмес», - деп айтылат маалыматта.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн