Бугу 15, 2024
Убакыт: 09:38
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Ош шаарына 50 электробус алуу пландалууда

15.12.2022 09:48
496
Ош шаарына 50 электробус алуу пландалууда

Ош шаарына 50 электробус жана 20 троллейбус алып келүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул туурасында калаа мэриясынын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, ал "Ош шаарынын электр коомдук транспортун модернизациялоо" долбоору боюнча Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) колдоосу менен ишке ашырылат.

Долбоордун алкагында үчүнчү троллейбус линиясын ишке киргизүү, тиешелүү инфраструктураны, заряддоо станцияларын куруу иштери камтылган. Линиянын узундугу бир тарапка 6,3 чакырымды түзүп, каттам шаардын калкы эң жыш жайгашкан Араван, Кулатов, Анар, Ак-Тилек кичи райондору аркылуу өтөт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн