Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 20:39
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Ош шаарына чет мамлекеттердин дипломаттары келишти

31.08.2023 10:57
338
Ош шаарына чет мамлекеттердин дипломаттары келишти


Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнүн 32 жылдыгына арналган майрамдык иш-чараларга катышуу үчүн Ош шаарына Кыргыз Республикасында аккредиттелген 16 чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана 12 эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн башчылары келишти. Бул тууралуу түштүк борбордун мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.


Ош шаарындагы эл аралык аэропорттон конокторду мэрдин биринчи орун басары Марс Исаев жана президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Зарлык Тургунбаев тосуп алышты.


Майрамдык иш-чараларга түштүк борбордо жайгашкан Россия, Казакстан жана Өзбекстандын консулдук мекемелеринин жетекчилери да катышат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн