Ош шаарында Увам каналына 6 жашар бала чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Ош шаарынын Заречная көчөсү менен кесилишкен Увам каналына 2015-жылы туулган М.А. аттуу бала чөгүп кеткен.
Жерине издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн 4 куткаруучу тартылды. Бирок, натыйжа болгон жок.
Бүгүн, 2-июлда издөө иштери улантылат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн