Тогуздун айы 05, 2024
Убакыт: 18:26
USD
84.60
85.10
EUR
92.70
93.70
RUB
0.880
0.925

Ош шаарында 95 үй-бүлө кайтарымсыз 100 миң сомдон алышты

16.08.2024 18:04
631
Ош шаарында 95 үй-бүлө кайтарымсыз 100 миң сомдон алышты


Бүгүн Алымбек датка этно борборунда "Үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун алуучуларды колдоо максатында түзүлгөн “социалдык келишим” долбоорунун алкагында социалдык жактан аялуу үй-бүлөлөргө ишкердикти баштоо үчүн кайтарымсыз 100 миң сомдук сертификаттар тапшырылды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, сертификаттарды тапшырууга Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Жылдыз Полотова катышты.

Иш-чаранын алкагында 2022-2023-жылдарга карата социалдык келишимдин негизинде жардам алган ишкерлердин продукцияларынын жарманкеси уюштурулду.

Белгилей кетсек, аталган долбоор министрлер кабинетинин социалдык келишимдин негизинде жардам көрсөтүү жөнүндө токтому менен ишке ашырылып, үй-бүлөлөрдү оор турмуштук кырдаалдан чыгып кетүү аракеттерине үндөп, финансылык көз карандысыздыкка көмөк көрсөтүп, жашоо деңгээлин жогорулатууга багытталган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн