Ош шаарында эл аралык баңгизат тобунун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
УКМК тарабынан баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө Тажикстан-Кыргызстан-Өзбекстан багыты боюнча эл аралык наркоканалды уюштурган Ош облусунун айрым жашоочуларынан турган эл аралык уюшкан кылмыштуу топтун ишмердиги аныкталды.
Үстүбүздөгү жылдын 5-февралында жүргүзүлгөн атайын операциянын натыйжасында Ж.Х.Х .жана К.И.А. аттуу жарандар кармалган. Ж.Х.Х.нын үйүн тинтүү учурунда. 9 кг 793 гр салмактагы 10 брикет "афган чарсы" баңгизаты жана 1 кг белгисиз синтетикалык заттын 1 брикети табылган. Учурда аталган белгисиз заттын баңги зат экенин аныктоо үчүн тиешелүү экспертизалар жүргүзүлүүдө. Мындан тышкары, К.И.А.нын үйүндө салмагы 133,99 граммды түзгөн "афган чарсы" баңгизатынын 1 брикети табылган.
Жүргүзүлгөн тергөө иш-аракеттеринин натыйжасында уюшкан кылмыштуу баңги тобунун мүчөлөрүнө карата Ош шаардык соту тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси боюнча айып тагылып, УКМКнын тергөө абагына камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган.
УКМК баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча иштерди улантууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн