Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 16:45
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Ош шаарында эркин күрөш боюнча IX Эл аралык турнир өтүүдө

20.11.2021 10:13
1068
Ош шаарында эркин күрөш боюнча IX Эл аралык турнир өтүүдө


Кечээ, 19-ноябрда Ош шаарында эркин күрөш боюнча IX Эл аралык турнир башталды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мелдеш спорт чеберлери ага-инилер Ахмет жана Мухаммед Абитовдордун жаркын элесине арналган.

Иш-чарага вице-мэр Жасур Азимов катышып, бул турнир Ош шаарында жыл сайын өтүүчү ири спорттук иш-чаралардын бири экенин белгиледи.

Белгиленгендей, эки күндүк мелдешке жалпысынан Россия, Өзбекстан жана Кыргызстандын булуң бурчунан 300 спортчу катышууда. Алар 14 салмактык категорияда күч сынашат. Жеңүүчүлөргө Ош шаарынын спорт комитети тарабынан баалуу белектер жана кызыктыруучу сыйлыктар ыйгарылат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн