Ош шаарында күндүзгү жана түнкү стационарлар жабылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка караганда, кечээ, 24-августа 95 орундуу акыркы стационар жабылды.
"Ош шаарында абал турукташканына байланыштуу күнү-түнү иштеген 5 стационардын баары жабылды. Ош шаарында изоляция жана стационарлар болуп жалпы убактылуу 18 оорукана ачылган болчу", - деп айтылат маалыматта.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн