Бугу 18, 2024
Убакыт: 22:41
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Ош шаарында "Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү" белгиленди

06.11.2021 13:19
538
Ош шаарында "Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү" белгиленди



Ош шаарында "Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө" карата мамлекеттүүлүгүбүздүн түптөлүшүнө салым кошкон тарыхый инсандардын эстеликтерине гүл коюлуп, куран түшүрүлүп эскерилди. Алымбек датканын, Курманжан датканын, Абдыкадыр Орозбековдун, Исакбек Монуевдин, Исхак Раззаковдун, Султан Ибраимовдун, Абсамат Масалевдин эстеликтеринде жана "Өчпөс от" мемориалдык комплексинде акасакалдар, көрүнүктүү маданият ишмерлери, шаардагы мекеме, ишканалардын жетекчилери гүл коюп, ата-бабалардын арбагына арнап куран окулду. 


"Өчпөс от" мемориалдык комплексинде болгон иш чарага Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова, Исхак Разаковдун эстелигине гүл коюу иш чарасына мэриянын аппарат жетекчиси Камчыбек Досматовдор катышты.


Кыргызстандыктар 2017-жылдан бери жыл сайын 7-8-ноябрь күндөрү тарыхты жана ата-бабаларды эскерүү күнү катары белгилеп келе жатышат.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн