Чын курандын 16, 2024
Убакыт: 15:33
USD
89.10
89.87
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.970

Ош шаарында жалпы билим берүү уюмдарынын директорлору үчүн эки күндүк окутуу башталды

27.04.2023 12:37
532
Ош шаарында жалпы билим берүү уюмдарынын директорлору үчүн эки күндүк окутуу башталды



Бүгүн, 27-апрелде Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн имаратында Ош облусунун жалпы билим берүү уюмдарынын директорлору үчүн “Билим берүүдөгү натыйжалуу менеджмент” аталышындагы 2 күндүк окутуу башталды. Окутууга Ош шаарынын жана Ош облусунун жалпы билим берүү уюмдарынын 600гө жакын мектеп директору катышууда.


Каныбек Иманалиев тынымсыз өзгөрүп жаткан санарип дүйнөдө мектеп директорунун орду, мааниси эбегейсиз экендигин айтып, республиканын бардык директорлорун окутуу, алар менен жолугушуу мунун бирден-бир себеби экендигин билдирди.


“Бир айылдагы эки мектептин жетишкендиги, абалы эки башка болушу мүмкүн. Алсак, биринин ЖРТдагы көрсөткүчү өтө жогору, бириники төмөн. Мамлекет бардык мектепке каражатты, китепти, эмгек акыны бирдей бөлөт. Бирок мектептердин жыйынтыгы тегиз болбой жатат. Билим берүүнүн лидери бул – мектеп директору. Бүгүнкү доордо мектеп директору эч кимден көз каранды болбостон, мектепке инвестиция тарта алат. Мыкты директор мыкты эмгек жамааты түптөп, жаңы технологияларды жана интернет ресурстарды колдонуп, жаңыча көз карашта иш алып барышы керек”, - деди министр.


Ошондой эле министр мектеп директорунун иши окуучулардын билим деңгээли менен гана бааланууга тийиш деп кошумчалады. Маалымат үчүн: Окутуунун жүрүшүндө “Натыйжалуу башкарууга өбөлгө түзгөн мектеп директорунун негизги сапаттары”, “билим берүү системасындагы эмгек укуктарынын жөнгө салынышы”, “Жалпы билим берүү уюмдарынын менеджментин өнүктүрүүнүн ыкмалары, усулдары, каражаттары”, “Эл аралык PISA программасына жана Билим улуттук программасына даярдануу”, “Жалпы республикалык тестке даярдануу (ЖРТ)”, "Мектепке инвестиция тартуу үчүн долбоорду кантип жазуу керек?" ж.б. темаларда презентациялар жасалат.


Презентация жасай турган тренерлердин арасында Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими, Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы автордук мектептин негиздөөчүсү – Орозали Сайдилканов, Мамлекеттик "Ноокат билимканасы" жатак-лицейинин негиздөөчүсү, физика-математика илимдеринин кандидаты - Өмүрзак Мамаюсупов, КББАнын вице-президенти, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент - Айнагүль Ниязова, Дүйнөлүк банктын “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун баалоо боюнча координатору - Мира Мыкыева, Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору - Чынара Батракеева ж.б. бар. 


Ошондой эле катышуучулар 24 топко бөлүнүп, математикалык, табигый-илимий, окуп-түшүнүү жана санариптик сабаттуулук темаларынын үстүндө иш алып барышат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн