Бугу 19, 2024
Убакыт: 03:30
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Ош шаарынын билим берүү башкармалыгынын кызмат адамдары иштебеген адамдарга айлык которгон

Ош шаарынын билим берүү башкармалыгынын кызмат адамдары иштебеген адамдарга айлык которгон

Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын кызмат адамдарына иш козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашты.


Маалыматка ылайык, Ош шаардык прокуратурасы тарабынан Ош шаардык билим берүү башкармалыгында текшерүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында 2022-жыл ичинде мамлекетке жалпы 1 млн 905 миң 987 сомдук ири өлчөмдө зыян келтиргендиги аныкталды.


Прокурордук текшерүүдө аталган башкармалыктын кызмат адамдары кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, башкармалыкта жана эч бир мектепте иштебеген тааныштарынын наамына ачылган банктык карталарына жалпы 1 млн 905 миң 987 сом акча каражатын эмгек акы үчүн деп мыйзамсыз которушуп, ал карталардан акчаларды чыгарышып, өздөрүнүн пайдасына сиңирип жок кылышкандыгы тастыкталган.


Текшерүүнүн жыйынтыгында Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынын кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иш козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн