Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 00:08
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Ош шаарынын эки көчөсү толук оңдоодон өткөрүлөт, - мэрия

29.02.2024 10:06
426
Ош шаарынын эки көчөсү толук оңдоодон өткөрүлөт, - мэрия


Ош шаарында көп жылдан бери каралбай турган эки көчө толугу менен оңдолот. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы билдирди.


Тагыраагы, узундугу 1,8 чакырым болгон Амир-Тимур (мурдагы Калинин) жана 2,4 чакырымдык Мамыров көчөлөрү капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтөт.


Калаа башчысы Бакытбек Жетигенов жолдордун учурдагы абалы менен таанышып чыгып, тиешелүү мекеме, ишканалардын жетекчилерине баштапкы иштерди жасоо үчүн зарыл болгон жумуштарды бүткөрүүгө тапшырма берген.


Аталган эки көчөнү кеңейтүү, жаңыдан асфальт төшөө, ирригациялык тармактарды оңдоо, тротуарларды куруу, жарыктандыруу жана жашылдандыруу боюнча иштер аткарылат. Жолдун курулушу быйыл май айында башталары күтүлүүдө.


Мэрия буга канча каражат кетери такталып жатканын белгиледи, анткени сметалык долбоору жасалып бүтө элек.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн