Ош шаарынын мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов кол койгон буйрукка ылайык, Кадыров Нурбек Сүйүнбаевич Ош шаарынын социалдык маселелер боюнча вице-мэри болуп дайындалды.
Азат Кубатбек уулу Ош шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси болуп дайындалды. Ал буга чейин Чүй райондук мамлекеттик администрациясынын уюштуруу иштери бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн