Бугу 03, 2024
Убакыт: 16:29
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Ошто социалдык-экономикалык абалдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы чыгарылды

12.08.2021 14:02
584
Ошто социалдык-экономикалык абалдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы чыгарылды

Ош облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы чыгарылды. Бул тууралуу Ош облустук ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү кабарлады.


Коллегиялык отурумга Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, өкүлдүн биринчи орун басары Бактыбек Алайчиев, өкүлдүн орун басары Данияр Жаныкулов, район акимдери, айыл өкмөт башчылары жана облустагы мекеме жетекчилери катышты.


Жыйында, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Алайчиев Ош облусунун Социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгында аткарылган жумуштар тууралуу маалымат берди.


“Ош облусунда 2021-жылдын 6 айында өнөр-жай продукциясынын физикалык көлөмүнүн индекси-156,2 пайызды түзүп 5 млрд 970 млн. сомдук продукция өндүрүлдү, айыл чарбасынын физикалык көлөмүнүн индекси-101,6 пайызды түзүп 16 млрд 960 млн. сомдук продукция өндүрүлдү, салыктык кирешелер 105,7 пайызга аткарылып 1млрд 304 млн. сомду түздү, негизги капиталдык салымдын өздөштүрүү деңгээли-186 пайызга чыгып 2млрд 279 млн. сомду түздү жана чекене товар жүгүртүү-118 пайыз 14 млрд 127 млн. сомго аткарылды”,-деди Б.Алайчиев


Мындан сырткары, Ош облусунун райондорунун акимдери, мекеме жетекчилери 6 айда аткарган жумуштар тууралуу маалымат беришти. Облустагы бир катар көйгөйлөр айтылып, аны чечүү жолдору талкууланды. Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов мамлекеттик каттоо кызматынын райондордогу башкармалыктарында коррупция бар экенин айтып, текшерүүнү тапшырды. 


“Урматтуу укук коргоо органдары, мамлекеттик каттоо кызматынын райондордогу башкармалыктарын текшериңиздер. Чынында, коррупция гүлдөп кеткен. Биз элибизге ыӊгайлуу шарт түзүп беришибиз керек ”, деди Ош облусунун башчысы.


Коллегиялык отурумда айрым район акимдерине эскертүү берилди. Ошондой эле облустагы бардык тармак жетекчилерине 2021-жылдын экинчи жарымында аткарылуучу жумуштар тууралуу тапшырма берилди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн