Ош жана Тюмень шаарлары кызматташтыкты өнүктүрүүнү талкуулады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев шаардык суу чарба, тазалык ишканаларынын жетекчилери менен бирге Орусиянын Тюмень шаарына иш сапары менен барды.
Анда Тюмень шаарынын мэринин чарба, транспорт иштери боюнча орун басары Семён Тегенцев менен жолугушту. Жолугушуунун максаты эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана тажрыйба алмашуу. Ага ылайык таза суу, таштандыны кайра иштетүү, канализация маселелери талкууланды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн