Бугу 10, 2024
Убакыт: 17:51
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

ОшМУнун клиникаларында боор алмаштыруу боюнча операцияларды жасоо пландалууда

15.09.2023 15:40
748
ОшМУнун клиникаларында боор алмаштыруу боюнча операцияларды жасоо пландалууда


ОшМУнун клиникаларында боор алмаштыруу боюнча операцияларды жасоо пландалууда. Бул тууралуу окуу жайдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ОшМУнун медициналык клиникасынын хирургия бөлүмүнүн башчысы профессор, врач-хирург, онколог Жанек Белеков баштаган окуу жайдын клиникасынын жана Эл аралык медицина факультетинин окутуучуларынан жана медициналык кызматкерлеринен турган 10 адис Туркиядагы Инену университетинин Тургут Озал атындагы клиникасында боор алмаштыруу боюнча атайын окутуудан өтүп жатышат. Алар дүйнөдөгү боор алмаштыруу боюнча белгилүү дарыгер, профессор Сезай Йылмаз баштаган дарыгерлер менен тажрыйба алмашууда.

"Клиника дүйнөдөгү акыркы үлгүдөгү медициналык жабдуулар, технологиялар менен жабдылган. 1800 орунга ылайыкташкан боорду алмаштыруу боюнча заманбап клиникада учурда биздин хирургдарыбыз иштеп, окуп жыташат. Түрк профессорлору биздин дарыгерлерге болушунча өз билимдерин ачык айтып, тажрыйба алууга мүмкүнчүлүк беришүүдө", -деди ОшМУнун медициналык клиникасынын директору Жазгул Иметова.

Өкмөттөр аралык келишимдин негизинде ишке ашып жаткан долбоор боюнча дарыгерлер 3 ай билимин өркүндөтүшөт. Мындай тажрыйба алмашууга алдыда дагы дарыгерлерди жөнөтүү күтүлүүдө.

Долбоордун алкагында тажрыйба алмашуу аракеттеринин натыйжасында ОшМУнун медициналык клиникасында жана курулуш иши жүрүп жаткан заманбап клиникада боор алмаштыруу сыяктуу оор операцияларды жасоо пландалууда.

ОшМУнун клиникалык базасында заманбап хирургиялык кызматты өнүктүрүү үчүн түзүлгөн долбоор боюнча 2023-жылдын август айында окуу жайдын медициналык клиникасынын директору Жазгул Иметова Түркияга барып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келген.

Дарыгерлердин билим берүү сапары КР президенти, Саламаттыкты сактоо министрлиги, ОшМУнун жетекчилигинин колдоосу менен уюштурулууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн