Кулжа 06, 2025
Убакыт: 19:24
USD
87.30
87.80
EUR
99.40
100.40
RUB
1.090
1.125

ОшМУнун клиникасында алгачкы бөйрөк алмаштыруу операциясы ийгиликтүү өттү

05.06.2025 11:21
46
ОшМУнун клиникасында алгачкы бөйрөк алмаштыруу операциясы ийгиликтүү өттү


30-майда Ош шаарындагы Ош мамлекеттик университетинин медициналык клиникасында бөйрөк алмаштыруу операциясы ийгиликтүү жасалды. 


Окуу жайдын басма сөз кызматынан билдиришкендей, бейтап Баткен облусунун Кадамжай районунун 38 жаштагы тургуну Сажида Анапияева. Ага анын 35 жаштагы иниси өз бөйрөгүн берди.


Операциядан кийин бейтаптын да, донордун да абалы туруктуу. Ушул тапта алар адистердин көзөмөлүндө дарылануусун улантууда. ОшМУ тарабынан алгачкы жолу жасалып жаткан операция бейтап үчүн акысыз болду. Төрт саатка созулган операцияны окуу жайдын тажрыйбалуу дарыгери Бексултан Сейитбек уулу жана Россиядан чакыртылган хирург-трансплантолог Игорь Милосердов жетектеген команда жасашты. 

Операциянын өзгөчөлүгү – донордон органды лазердик ыкма аркылуу, кошумча хирургиялык кесүүсүз алышты. Бул ыкманы ОшМУнун тажрыйбалуу хиругу Кахраман Халбаев колдонду. Анын айтымында, мындай ыкма бейтаптын да, донордун да организмине аз өлчөмдө зыян келтирет.


Бексултан Сейитбек уулу буга чейин Россияда жана Түркияда окуп, 150дөн ашуун орган алмаштыруу операцияларына катышкан. Ал азыр ОшМУнун клиникасында бөйрөк жана боор алмаштыруу операцияларын өз алдынча жүргүзө баштады.


ОшМУнун медициналык клиникасында учурда заманбап шарттар түзүлгөн. Клиника чет өлкөлөрдөн алынып келген, Кыргызстанда сейрек кездешүүчү медициналык жабдуулар менен жабдылган. Алардын бири Швейцариядан алынып келген. Анын жардамы менен канды тазалап, орган алмаштыруу операциясы учурунда бейтапка так диагноз коюу мүмкүнчүлүгү бар.


Буга чейин министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев орган жана адам ткандарын трансплантациялоо тартибин жөнгө салган жобону бекиткен. Ага ылайык, өлкөдөгү төрт медициналык уюмга уруксат берилсе, ОшМУнун медициналык клиникасы тизмеге кирген окуу жайлардын алдындагы жалгыз борбор болуп саналат. 


Учурда клиника алгачкылардан болуп катталып, өз ишмердүүлүгүн жүргүзө баштады. Эми жарандар чет өлкөгө барбай эле, заманбап жана коопсуз операцияларды бул жактан жасатууга мүмкүнчүлүк алышты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн