Бугу 04, 2024
Убакыт: 08:13
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Ошко Новосибирсктен 154 кыргызстандык жаран келди, арасында 3 дарыгер бар

08.08.2020 12:57
937
Ошко Новосибирсктен 154 кыргызстандык жаран келди, арасында 3 дарыгер бар


Бүгүн, 8-августта Ош шаарына Новосибирсктен 154 кыргызстандык жаран кайтып келди, алардын арасында жаш балдар да бар. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда,  алар «Авиа Траффик Компани» авиакомпаниясынын НовосибирскОш багыты боюнча келишти. Жүргүнчүлөрдүн тизмеси Кыргызстанга кайтууга муктаж болгон Кыргызстандын жарандарынын берген кайрылууларынын кезеги боюнча түзүлгөн, алардын катарында кош бойлуу аялдар, жаш балдары бар аялдар, улгайган жарандар, Новосибирсктин клиникаларында операция жасаткандар, Сибирь федералдык округунун ЖОЖдорунда окуган кыргызстандык студенттер бар. Каттам менен Новосибирск, Красноярск, Иркутск, Түштүк-Сахалин, Хабаровск, Владивосток, Чита, Якутсктан, ошондой эле Сибирь Федералдук округунун башка шаарларынан жарандар келди.

Ошондой эле каттам менен Кыргызстанга коронавирустук инфекция менен күрөшүүдө кесиптештерине жардам көрсөтүү максатында 3 мекендеш-дарыгер жана Новосибирск облусунун кыргыз диаспорасы тарабынан түзүлгөн жалпы баасы 800 миң рубль болгон дары-дармек каражаттарынан турган гуманитардык жүк келди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн