Бугу 02, 2024
Убакыт: 12:10
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.965

Ошто акча уурдап жүргөн 13 жаштагы кыз кармалды

16.08.2021 18:00
1212
Ошто  акча уурдап жүргөн 13 жаштагы кыз кармалды


Ошто  акча уурдап жүргөн 13 жаштагы кыз кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

 

2021-жылдын март айынан ушул күнгө чейин Ош облусунун Алай районунун Гүлчө айыл аймагында, Алай РИИБнө уурулук боюнча арыз даттануулар түшүп турган. Аталган арыздардын үстүнөн криминалдык милиция кызматкерлеринин тынымсыз ыкчам жүргүзүлгөн иш аракетинин жыйынтыгында уурулукка шектүү катары Алай районунун Гүлчө айылынын тургуну 8-классынын окуучусу 13 жаштагы кыз Н.С. кармалды.


Тергөөнүн жүрүшүндө Н.С., автоунаалардын ичинен акча жана баалуу буюмдарын жашыруун түрдө уурдап алып жүргөндүгү аныкталды. Ал, үй-бүлөлүк муктаждыктан улам апасы экөө манты жасап, аны өспүрүм кыз коомдук жайларга кыдырып сатып жүрчү. Ошол учурларда жарандар базарга же жумушка барып, айрымдары автоунааларын кулпулабастан кеткендигинен пайдаланып уурулук иштерин жасап жүргөн. Аталган факт Кыргыз Республикасынын кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, жазык кодексинин 200-берененин (уурдоо) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Уурдалган акчалардын эң ири өлчөмдөгү 2800 доллар (эки миң сегиз жүз) болгон, акчалардын айрым бөлүгү кыздын үйүнөн табылган жана ээлерине кайтарылып берилген.


Мындан ары өспүрүм кыздын жашоосу жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан көзөмөлгө алынат. 


Жогорудагыдай окуялардын курмандыгы болбош үчүн автоунааңызды коомдук жайларда ачык калтырбооңузду Ош ОИИБи эскертет. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн