Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 03:05
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Ошто 14 миң доллар опузалап акча талап кылган "Женгонун" адамдары кармалды

Ошто 14 миң доллар опузалап акча талап кылган "Женгонун" адамдары кармалды

Опузалап акча каражатын талап кылган уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


        Кыргыз Республикасынын УКМК Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап талап кылуу) боюнча каралган кылмыштын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында, Ош облусунун тургунунан 14 миң 500 АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын талап кылып,  тергөө органдарынан жашырынып жүргөн «Женго» кайманаты аталган К.Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү Г.У.Н. жана Н.А.А. кармалып, КР УКМКнын Ош облустук жана Ош шаардык башкы башкармалыгынын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

        Аталган кылмышты жасагандыгы боюнча мурда Э.А.А. жана Ж.С.Т. кармалган, бирок Г.У.Н. жана Н.А.А. кылмыш жоопкерчилигинен кутулуу максатында Бишкек жана Ош шаарларында жашырынып жүрүшкөн.

        Г.У.Н. жана Н.А.А., мурда "каракчылык" жана "каракчылык" беренелери боюнча бир нече жолу соттолушуп, Жазасынын өтө элек мөөнөтүнө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын №43-колониясында каттоодо турушкан.

        Кармалган Н.А.А., колонияга каттоого туруктуу келбегендигине байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан издөөдө жүргөн. 

        Азыркы учурда кармалгандардын мындан башка кылмыштарга тийешеси бар экендиги текшерилүүдө.


        

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн