Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 18:28
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Ошто 2 килограммдан ашык баңгизат алып бара жаткан жарандар кармалды

20.10.2021 19:32
985
Ошто 2 килограммдан ашык баңгизат алып бара жаткан жарандар кармалды



 ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүргүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан баңгизаттар менен алектенген топ аныкталып кармалды.  Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.


Бул факт Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 267-беренесинде (Сатуу максатын көздөп баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо) каралган кылмыштын белгилери боюнча КЖБРге катталган.  


Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында атайын тергөө амалдарын жүргүзүү учурунда Ош облусунун Ош-Алай трассасынын 5-чакырымында «Дэу-Матиз» үлгүсүндөгү унаа токтотулган.  


 Аталган автоунаага тинтүү жүргүзүү учурунда унаанын багажынан баңгизат салынган баштык, ошондой эле айдоочуга жана 2 жүргүнчүгө өздүк кароо жүргүзүү учурунда баңгизаттар табылып алынган. Алынган ооган гашишинин (чарс) жалпы салмагы 2 килограммдан ашуун болгон.  

Кармалган А.И., Т.В. (мурда соттолгондор) жана К.Н. аттуу жарандар Ош шаарынын №5 тергөө абагына киргизилди.  

Азыркы учурда аталган баңги кылмышына тиешеси бар башка жактарды аныктоо боюнча атайын тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.  


 ИИМдин БМЖКККсы системалык түрдө республика боюнча ушундай фактыларды аныктоо боюнча тиешелүү иш-чараларды тынымсыз жүргүзүүдө.

  

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн