Бугу 19, 2024
Убакыт: 08:36
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Ошто 21 жаштагы кызды ала качкандар кармалды

16.11.2021 17:17
611
Ошто 21 жаштагы кызды ала качкандар кармалды

Ош шаарынан Жалал-Абад облусунун Аксы районуна кыз ала качып бара жаткан 5 бала кармалды. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.


Маалыматка ылайык, 11-ноябрь күнү саат 14:00 чамасында Ош шаарынан 2000-жылы туулган кызды белгисиз жигиттер кара түстөгү унаага салып, белгисиз тарапка ала качып кетишкен. Бул окуя боюнча Ош шаарынын жана Ош облусунун аймагында "Колго түшүрүү" планы киргизилип, бардык жакка багыттамалар берилген.


Кызматкерлер көп өтпөй Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылынан кызды ала качып бара жаткан унааны кармаган. Кармалган жигиттер унаа менен кошо Ош ШИИБинин тергөө кызматына жеткирилген. Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.

Кармалган Honda Civic унаасында беш бала болгон. Алар кызды Ош шаарына Жалал-Абад облусунун Аксы районуна ала качып бара жатышкан.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн