Чын курандын 18, 2024
Убакыт: 16:44
USD
89.10
89.87
EUR
94.70
95.70
RUB
0.935
0.960

Ошто 30 миң сомду опузалап талап кылган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

31.10.2022 11:03
667
Ошто 30 миң сомду опузалап талап кылган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды



ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Ош шаарындагы уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча түштүк бөлүмүнүн  кызматкерлери опузалап акча талап кылган 25 жаштагы жаранды кармашты. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка таянсак, кылмышка шектүү үстүбүздөгү жылдын октябрь айынын башында эки шериги менен Араван районунун тургунун талаага алып кеткени аныкталган. Ал жерден аны сабап, 30 миң сом акча талап кылган. Акчаны алгандан кийин кол салгандар качып кетишкен. 


Бул факты Ош облусунун ички иштер башкармалыгына катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси  (Опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон. Анын негизинде кылмышка шектүүлөрдү аныктоо жана кармоо боюнча комплекстүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлдү.


Жакында ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Ош шаарындагы уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча түштүк бөлүмүнүн  кызматкерлери ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүүлөрдүн бирин кармашты. Кармалган жаран Ош облусунун тургуну, мурда соттолгон 25 жаштагы А.А.. Алынган маалыматка караганда, кармалган жаран уюшкан кылмыштуу топтордун биринин мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат. Кармалган жаран  Ош облусунун Кара-Суу районунун убактылуу кармоочу жайына киргизилди.


Учурда кылмышка тиешелүү болгон башка шериктештерин аныктоо жана кармоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн