Ош шаарында мэрдин толгон көрүстөндөрдү рекультивациялап, башка жайга которуу боюнча тапшырмасына ылайык шаар аймагындагы жалпы 5 мусулман көрүстөнүндө рекультивация иштери жүргүзүлдү.
Муниципалитеттен билдиришкендей, аталган көрүстөндөр мындан 60-70 жыл мурда жабылган. Ал жердеги маркумдардын сөөгү башка көрүстөнгө которулуп коюлду.
Жалпы көрүстөндөрдүн ээлеп турган аянттары 10 гектарга барабар. Алар:
- Жапалак көрүстөнү, аянты 1 гектарга жакын;
- Озгур көрүстөнү, аянты 1 гектардан ашык;
- Акгөр көрүстөнү, аянты 19 сотых;
- Мажрүмтал көрүстөнү, аянты 3 гектарга жакын;
- Андижан көрүстөнү, аянты 35 сотых.
Ошондой эле учурда "Хохлово" орус, христиан көрүстөнүндө рекультивация иштери жүргүзүлүп жатат. Аянты 4 гектар 10 сотых.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн