Ош облусунун Кара-Суу районундагы кесиптик-техникалык лицейдин 150 койка орундуу инфекциялык ооруканага кайра профилдештирүүсү 80%га аткарылды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка караганда, бүгүнкү күнгө, имараттын жана от жагуучу бөлмөсүнүн чатырын демонтаждоо иштери, терезе блокторун орнотуусу, тышкы аба жылытуу системасы 100%га аяктап жана от жагуучу эки казан орнотулган.
Ошондой эле имараттын чатырынын 30%га жана бөлмөлөрдүн 1, 2, 3-кабаттарында жасалгалоо иштери 80%га аткарылды. Учурда, ички желдетүү, фасаддын штукатуркасы жана скважиналарды бургулоо боюнча иштер башталды. Объектте 70 адам иштейт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн