Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 13:32
USD
86.50
86.85
EUR
90.40
91.40
RUB
0.845
0.885

Ошто 6 жаштагы кызды мыкаачылык менен зордуктаган жаран өмүр бою эркинен ажыратылды

10.03.2022 12:44
1332
Ошто 6 жаштагы кызды мыкаачылык менен зордуктаган жаран өмүр бою эркинен ажыратылды

Ошто 6 жаштагы кызды зордуктоого айыпталган жаран өмүр бою эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, Кара-Суу райондук сотунун өкүмү менен, Н.у.А. аттуу жаран 6 жаштагы кыздын алсыз абалынан пайдаланып, ага карата өзгөчө мыкаачылык менен ыплас формадагы сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасагандыгы, анын ден-соолугуна физикалык жана психологиялык залал келтиргендиги үчүн, “зордуктоо” беренеси менен күнөөлүү деп табылып, 20 жылга эркиндигинен ажыратылган.


Райондук прокуратура бул өкүмгө макул эместигин билдирип, анын жазасы жасалган кылмыштын оордугуна дал келбегендиги үчүн апелляциялык сунуштам 6а келтирген.


Натыйжада, Ош облустук сотунун өкүмү менен апелляциялык сунуштама канааттандырылып, Н.у.А. карата өмүр бою эркиндигинен ажыратуу жазасы дайындалды.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Дарика Аали
Жеңил Өкүм Чыгарылыптыр!