Бугу 14, 2024
Убакыт: 05:32
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Ошто Ак-Буура дарыясынын жээгине уруксаты жок курулуп жаткан объект аныкталды

02.08.2023 16:15
658
Ошто Ак-Буура дарыясынын жээгине уруксаты жок курулуп жаткан объект аныкталды


Ошто дагы бир мыйзамсыз курулуш аныкталды, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.

Ош шаарынын Н.Исанов көчөсүнүн 52 дарегинде У. Белекбаев аттуу жаран өз билемдик менен Ак-Буура дарыясынын жээгинде таш бетондон уруксатсыз курулуш жүргүзүп жаткандыгы аныкталган.

Тактоо учурунда, жер тилкеси Ак-Буура дарыясынын суу корук аймагы болуп, курулушка тиешелүү архитектуралык уруксат иш кагаздары жок болуп чыкты.

Мындан улам, курулуш жүргүзүп жаткан жеке тарапка өз эсебинен бир күн аралыгында бузуп салуу милдеттендирилди.

Эгер белгиленген мөөнөттө курулуш бузулбаса, анда Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан бузулуп, калыбына келтирилет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн