Бугу 19, 2024
Убакыт: 04:54
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Ошто Интерпол аркылуу эл аралык издөөдө жүргөн эки кытай жараны кармалды

Ошто Интерпол аркылуу эл аралык издөөдө жүргөн эки кытай жараны кармалды

 Интерпол аркылуу эл аралык издөөдө жүргөн коңшу өлкөнүн жарандары Ош шаарында кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.


2022-жылдын 6-декабрында Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Интерполдун Улуттук борбордук бюросунун кызматкерлери менен Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери эл аралык издөөдө жүргөн адамдарды кармоо боюнча биргелешкен ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүштү.


Ош шаарында Интерпол аркылуу эл аралык издөөдө жүрүшкөн Кытай жарандары 1963-жылы туулган L.Y. жана 1967-жылы туулган SH. G. кармалышты. Кармалган чет өлкөлүк жарандар 2020-жылдан бери Шэньси провинциясынын укук коргоо органдары тарабынан Кытай Эл Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 176-беренеси (Калктан аманаттарды мыйзамсыз тартуу) боюнча экономикалык кылмыш жасагандыгы үчүн издөөдө жүрүшкөн. Финансылык көз боёмочулук жолу менен алар 40 ашык жарандын 17,44 миллион юанын (болжол менен 2,5 миллион доллар) ыйгарып алышкан. Аталган чет өлкөлүк жарандарды камакка алууга облустук прокуратура уруксат берген.


Учурда кармалгандар Ош шаардык ИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, аларды экстрадициялоо маселеси менен компетенттүү органдар алектенүүдө. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан тергөөдөн жана соттон жашырынып жүргөн жарандарды аныктоо, анын ичинде республиканын аймагында мыйзамсыз жүргөн адамдарды аныктоо боюнча ыкчам иш-чаралары улантылууда.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн