Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 06:23
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Ошто Казакстан мамлекеттик университетинин филиалын ачуу каралууда

18.09.2021 10:10
2226
Ошто Казакстан мамлекеттик университетинин филиалын ачуу каралууда


Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Рапиль Жошыбаев менен жолугуп, эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Мамбетов Ош шаары Казакстандын Тараз шаары менен достук алакада көп жылдан бери кызматташып келе жатканын белгилеп, IT жана туризм багытындагы адистерди даярдоо жаатында кызматташуу боюнча сунушун берген. 

Жыйындын алкагында элчи Ош шаарындагы жаңы консул Мухтар Карибай менен тааныштырды.

"Элчи Казакстан Кыргызстан менен билим берүү жаатында 5 багытта адистерди даярдоону колго алып, университеттердин бирине Казакстан мамлекеттик университетинин филиалын ачуу маселесин көтөрдү. Ошондой эле туризмди өнүктүрүүдө турларды жана жеке ишкерлерге колдоо көрсөтүүдө жарманкелерди уюштуруу, маданий-гуманитардык багытта иш-чараларды өткөрүү боюнча бир топ иштер аткарылып жаткандыгына токтолду", — деп айтылат маалыматта.


Аны менен катар туризмдин потенциалын жогорулатуу үчүн авиакаттамдарды көбөйтүү боюнча ой-пикирлер ортого салынган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн