Бугу 06, 2024
Убакыт: 22:52
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Ошто алдамчы сот аткаруучу 20 миң сом пара талап кылган

20.02.2023 15:13
311
Ошто алдамчы сот аткаруучу 20 миң сом пара талап кылган

Ошто өзүн сот аткаруучу катары тааныштырган жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, 16-февралда УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1980-жылы туулган Т.М.Т. аттуу жаран кармалган, ал өзүн Ош облусунун Кара-Суу райондук сот аткаруучулар кызматынын бөлүмчөсүнүн кызматкери катары тааныштырып жүргөн.


Кармалган адам М.Ш аттуу жарандан Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгууга коюлган чектөөлөрдү алып салууга көмөк көрсөтүү үчүн 20 миң сом акча каражатын талап кылгандыгы аныкталган.


Учурда бул иш боюнча иштин бардык жагдайларын аныктоого багытталган тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн