Ош шаарынын А.Мамыров көчөсүнүн эки жээгиндеги эскилиги жетип, башаламан жайгашкан соода объектилеринин ордун көрктөндүрүү жана жашылдандыруу менен айланма жолду жакшыртуу боюнча эскиз долбоору иштелип чыкты.
Муниципалитеттин маалыматына караганда, эскиз долбоору Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан даярдалды.
Эске салсак, көрктөндүрүү жана жашылдандырууга каралып жаткан аймак Кыргыз Республикасында аймактарды ирилештирүүнүн алкагында, Ош шаарынын карамагына өткөн.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн