Ош шаарында баңгизаттарды мыйзамсыз сатууга шектелип аскер кызматкери кармалды. Бул тууралуу ИИМдин баңги заттарга каршы күрөшүү кызматы билдирди.
27-январь күнү өсүмдүк абалындагы баңгизаттарды сатып жаткан учурда аскер кызматкери колго түшкөн. Ал 1991-жылы туулган А уулу Н. аттуу жаран болуп чыккан. Соттук экспертизанын натыйжасында баңгизат "гашиш" экени аныкталган.
Ал Чүй жана Ош облустарындагы түрмөлөрдө жаза өтөп жаткандардын арасында баңгизат жүгүртүүгө тиешеси бар деп табылган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн