Ош облусунда 6 айга жетүүчү дары-дармектин жана 3 айга жете турган коргонуу каражаттарынын кору бар. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Байыш Юсупов билдирди.
Маалыматка таянсак, Ош облусунда жалпысынан 6 айга жетүүчү дары-дармектин жана 3 айга жете турган жеке коргонуучу каражатын кору бар.
Ошондой эле Кара-Суу районунда 29 жерде 1087 орундуу күндүзгү стационарлар жана 5 жерде 173 орундуу изолятордук дарылоо мекемелери иш алып барышууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн