Ош шаарында бычактан жаракат алган эки мектеп окуучусу ооруканага жаткырылды, алардын бири каза болду. Бул тууралуу Turmush басылмасы билдирди.
Маалымат Ош облустук ооруканасынан тастыкталды.
Алдын ала маалыматтар боюнча, Нариман мектеп-гимназиясында мушташ болгон. Натыйжада, эки бала ичине бычакталып ооруканага жеткирилген.
Ооруканадан 2004-жылы туулган К.Б жана Н.С. түшкөнүн кошумчалашты. К.Б. алган жаракатынан улам көз жумган. Экинчи окуучуга операция жасалды.
Милиция кызматкерлери жеринде иштеп жатышат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн