Бугу 19, 2024
Убакыт: 03:30
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Ошто эки жаран үйдү тоноп, ээсин бычактап кеткен

27.02.2021 16:54
911
Ошто эки жаран үйдү тоноп, ээсин бычактап кеткен

27-февралда эртең менен 55 жаштагы аял бычактан жаракат алып, Кара-Суу райондук ооруканасына түшкөн. Бул тууралуу "Турмуш" басылмасы Облустук ИИБге шилтеме кылып жазды.


Кара-Суу райондук Ички иштер бөлүмүнө Т.У атуу жарандын бычакталганы боюнча чалуу түшкөн.

Текшерүү жүргүзүлүп, 27-февралда саат 05: 00дө маскачан эки жигит шаардын үйлөрүнүн бирине кирип, үйдүн кожойкесин жыгач таяк менен уруп, кийин бычактап  бөлмөдөн сейфти алып чыгып качып кеткен.


Алынган жаракаттын натыйжасында жабырлануучу аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген, бирок 3 сааттан кийин көз жумган.


Бул факт бирдиктүү реестрге катталды.


Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кара-Суу шаарынын 20 жаштагы тургундары А.уулу А. жана К.А кармалган.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө А. уулу А. жашаган турак үйдүн белгисиз абалынан темир сейф, бычак, жыгач таяк жана бет каптар табылган.


Мындан тышкары, окуя болгон жерге текшерүү жүргүзүлүп, тиешелүү материалдар топтолгон. Каза болгон адамга карата соттук-медициналык, соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.


Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүрүп жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн