Аяк оона 17, 2024
Убакыт: 01:45
USD
84.40
84.90
EUR
93.20
94.20
RUB
0.915
0.960

Ошто эл аралык баңги тобунун мүчөлөрү 7,7 кг баңгизат менен кармалды

10.07.2024 13:34
216
Ошто эл аралык баңги тобунун мүчөлөрү 7,7 кг баңгизат менен кармалды


Ошто эл аралык баңги тобунун мүчөлөрү 7,7 кг баңгизаты менен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК Тажикстан – Кыргызстан – Өзбекстан багыты боюнча эл аралык баңгизат каналын уюштурган жана Ош облусунун жашоочуларына баңгизат таратуу менен алектенген Ош облусунун айрым тургундарынан турган уюшкан кылмыштуу баңги тобун аныктады.

Тактап айтканда, 1960-жылы туулган У.Д.У. аттуу кылмыштуу схеманын уюштуруучусу баңгизатын Ош облусуна жана Өзбекстангна сатуу максатында Тажикстандан алып келүү каналын түзгөндүгү аныкталган. Кыргызстандын аймагына кирген баңгизаттар анын шериги 1961-жылы туулган Ж.Х.Т. аттуу (мурда баңгизатын сатуу үчүн соттолгон) жарандын үйүндө сакталып, ал Ош облусунун тургундарынын ичинен сатып алуучуларга же, Өзбекстанга баңгизатын ташып бара жаткан баңги жеткирүүчүлөрүнө берүү үчүн таразага тартуу жана таңгактоо менен алектенген.

2024-жылдын 8-июлунда узакка созулган ыкчам комбинациянын натыйжасында У.Д.У. жана баңгизат каражаттарын сатып алуучу У.Б.Ч. кармалган, алар Өзбекстанга баңгизат каражаттарын өткөрүп берүүнү көздөшкөн.

Жеке тинтүү иштеринин жүрүшүндө У.Д.У. аттуу жарандан жалпы салмагы 250,77 грамм чайыр кара куурай (гашиш) брикети, ал эми У.Б.Ч.дан жалпы салмагы 555,34 грамм чайыр кара куурай (гашиш)брикети табылды.

Мындан тышкары, баңги каналынын уюштуруучусунун шериги жашынуучу жай катары колдонулган Ж.Х.Т. аттуу жарандын үйүндө да ыкчам тинтүү иштери жүргүзүлүп, андан 6 кг 905,47 грамм салмактагы 7 брикет кара куурай чайыры (гашиш) табылды.

Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын алкагында КР жарандары У.Д.У., У.Б.Ч. жана Ж.Х.Т. сатуу максатында баңги затын сактап жүргөндүгүн мойнуна алып, КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесинин жана 97-беренесинин негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 3-бөлүмүндө каралган кылмышка шектелип кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда аталган кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланып, иштин бардык жагдайларын жана башка тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн